Бүгүн, 16-июлда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисовду кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу жана Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстердин алкагында өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу аспектилери талкууланды.
Идрисов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.
Ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын өз ара сапарларынын жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун түрдүү чөйрөлөрүндөгү конкреттүү маселелерине көңүл бөлүндү.