Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-июлда Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Президенттик аппарат билдиргендей, жолугушууда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.
Алмазбек Атамбаев өлкөлөр ортосундагы маселелерди чечип, эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы чыңдоо зарылчылыгын баса белгиледи.