Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашаган көп балалуу энелерди 16-июлда акимчилик сыйлады. Жетиден көп бала тарбиялаган 5 айым Баатыр эне ордени, алты бала тарбиялаган 5 айым Эне даңкы медалы менен сыйланганын мэрия кабарлады. Район акими Камалдин Токтосартов энелердин коомдогу ордун баса белгилеп, сыйлык ээлерине каалоосун айтты. Көп балалуу энелерге сый тамак уюштурулганы айтылды.