Жогорку Кеңеш быйыл 19-июнда кабыл алган “КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 16-июлда президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
КРнын Жазык-процесстик кодексинин азыркы 251, 259 жана 265-беренелерине ылайык, сот процессинин катышуучулары болгон адамдарды айыптоочу жана коргонуучу тараптар камсыз кылышат. Ошол адамдар жүйөлүү себептерсиз катышпаган учурда алып келүү ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Бул мыйзам менен аталган беренелерге өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, ушул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда аларды процесске алып келүү судьялардын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жазык ишин тергеген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.