Ырчы Анапия Райымбекова жан дүйнөсүнөн чыккан обондуу ырларын китеп кылып чыгарат. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
“Өзүмө тиешелүү, менин жан дүйнөмдөн чыккан 50гө чукул обонум бар. Чыгармачылык жолумду, обондуу ырларымды китеп кылып чыгарсамбы деп турам. Азыр китеп жаза турган адамдар менен иштешип баштадым. Баары бүткөндө китептин аты коюлат. Ошондой эле жаңы обондорду жазып, ырчыларга берип жатам”,- дейт ырчы айым.