Кипрде жумуш берүүчүлөргө алданып, күч колдонуу менен сойкулукка тартылган кыргызстандык айым мекенине кайтарылды

Кипрде жумуш берүүчүлөргө алданып, күч колдонуу менен сойкулукка тартылган кыргызстандык айым мекенине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда “Замандаш” ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Н.К. аттуу айым интернет аркылуу Кипрдеги Кирения шаарындагы «Tuty fruty» деп аталган түнкү клубга бийчи болуп орношкон. Кийин жумуш берүүчү тарап бардык жол акыларын төлөп, Н.К. Кипрге барган. Арадан 3 күн өткөндө жумуш берүүчүлөр кыргызстандык айымга интимдик кызмат көрсөтүп иштеши керектигин, эгер макул болбосо, өмүрүнө зыян келтире тургандыктарын билдиришкен. 

Н.К. аргасыздан 3 жума бою жумуш берүүчүлөр айткан талаптарды аткарып турган. Кийин ал түнкү клубга келген кардар аркылуу КРнын Кипрдеги Башкы консулдугунун телефонун алдырып, башкы консул Руслан Молдокулов менен байланышка чыгып, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн. 

Жергиликтүү полиция жана “Замандаш” ассоциациясынын, Стамбулдагы Башкы консулдуктун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кыргызстандык Н.К. аны кармап турган адамдардын колунан бошотулуп, мекенине жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jooshbala
2014-07-16 20:35:13
Жоопго тартылган эмеспи клубдун чиновниктери?
+2
bishkek.kg
2014-07-17 04:39:26
бийле бийле жырга ошентип уяты жок десе !!!(супер инфо банга жонотпой эле койсонор жакшы болот анча мынчага))
+2
turgunbek
2014-07-16 20:40:50
Интернет аркылуу да иш издеп кетеби тооба омурундо корбогон билбеген шаарына.
+4
Asan-aka
2014-07-16 21:14:49
Рас болот дагы ошентип бийлеп журсон ...
+3
Lumia-800
2014-07-16 23:00:44
Клубдардагы бийдин арты ошол менен бутот.
+3
depu
2014-07-17 01:10:12
Кыз таза эмееееес,таа.а.азза эмееес билинип туратко,кыздын кандай максатка кеткени башында
+4
Tynchy28
2014-07-17 03:47:06
тим эле туркияда журом деп кулуп сvротко тvшvп туугандарына берип жиберишет же однокл.ге коюушат. Кайдаааан!ал жылмаю сvротко тушкучокту эле да. Уктук го эмне "иш"кылып жургонунорду. Кор болбой мекенинерде эле иштегилечи. Менин да тааныштарым туркияда дайыма "жылмайган"сvротvн жонотvп турушат.
-1
Begimkyz
2014-07-17 23:37:38
Tynchy28, Беш кол тен эмес. Аша чаппаныз.
-1
urmat_88-kg
2014-07-17 05:52:55
Адамдын баары бирдей эместа. Болгону бир карын майды бир кумалак чиритет болуп жатат да. Анан жылмайып тушкон суротун чет жерде жургон адам жиберсе жаман ойлоп кереги жокко.
-2
Chon-Alai-kg0101
2014-07-17 14:08:47
Ал айымдын ото женил ойлуу экендиги байкалып эле турат, акыл эси соо адам ботон олкодо дагыда (ТУНКУ КЛУБда) эч качан бийчи болуп иштемек эмес. Ойлонуп бир кадамга барыш керек болчу, билбейм эми эмне дешти дагын.....?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан