Жылнаама, 17-июль: Мындан 2 жыл мурун Ала-Букада кыргыз-өзбек чек арачылары атышып, кыргызстандык чек арачы каза болгон

* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы дүйнөдөгү эң чоң жана эң кооз сейил бак - Диснейленд АКШнын Калифорния штатындагы Анахайм шаарында белгилүү мультипликатор Уолтер Элайас Дисней тарабынан ачылган. Анын аянты 34,4 гектарды түзүп, ал өзүнө 55 түрдүү аттракционду камтыган. Диснейлендден У.Диснейдин "Микки Маус", "Бэмби", "Күлчү", "Питер Пэн", "Русалка" жана башка мультфильмдеринин каармандарын жолуктурууга болот. Алар коноктор менен саламдашып, чогуу сүрөткө түшүшөт. Ал эми сейил бак чоң болгондуктан, анын бир жеринен экинчи жерине жетиш үчүн атайын поезддер колдонулат. Күндө кечинде кооз салюттар атылып, эстен кеткис эмоцияларга бөлөй алат.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Булак-Башы айылында кыргыз-өзбек чек арачылары ок атышып, кыргызстандык чек арачы Кадырбек Абдырасул уулу каза болгон.
* Мындан 347 жыл мурун, 1667-жылы атасын, бир туугандарын, күйөөсүн, балдарын жана бир топ кишилерди ууландырып өлтүргөн маркиза де Бренвилье өлтүрүлүп, өрттөлгөн.
17-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан