Бүгүн, 16-июлда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Орусиянын премьери Дмитрий Медведевге 15-июлда Москва метрополитениндеги кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Телеграмманын тексти:
“Урматтуу Дмитрий Анатольевич!
Көптөгөн адам өлүмүнө алып келген Москва метрополитениндеги кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул кайгылуу мезгилде биз боордош Орусия эли менен бирге орду толгус жоготууну тең бөлүшөбүз.
Көңүл айтуумду курман болгондордун жакындарына жана туугандарына билдирип коюуңузду өтүнөм жана кырсыкка учурагандардын бардыгына тез сакайып кетүүнү каалайм”.