Асылбек Жээнбеков: "Баткендеги чек ара жаңжалы - 20 жылдан бери топтолгон көйгөйлөрдүн кесепети"
Бүгүн, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков маалымат-жыйын өткөрүп, журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди. Баткен облусундагы чек ара көйгөйүнө токтолгон төрага: "Бул социалдык-экономикалык маселелердин чечилбегендигинен, автономдуу жолдордун жоктугунан, мамлекеттик чек аранын делимитация жана демаркация маселелеринин жыйынтыкталбагандыгынан улам болууда. Жогорку Кеңеш бул маселени эки күн жабык эшик артында карады. Анда депутаттар тарабынан көптөгөн сунуш-пикирлер айтылды. Эртең, 19-январда Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынат. Мен бардык маселелер коңшулук өз ара түшүнүүчүлүк жана тынч жашоого умтулуу нугунда чечилиши керек деп эсептейм”,- деди.