Ысык-Көлдө унаалардын кагылышуусунун жыйынтыгында 3 адам жаракат алып, 1 адам каза тапты

Ысык-Көлдө унаалардын кагылышуусунда 3 адам жаракат алып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 16-июлда саат 17:15 чамасында Балыкчы - Чолпон-Ата унаа жолунун 45-чакырымында жол кырсыгы катталып, Тойота Венза унаасы менен Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кырсыктан 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

ӨКМнын №31-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, Тойота Венза унаасынан каза болгон айдоочунун сөөгүн чыгарып жана жабыркагандарды Чолпон-Ата шаардык "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан