Кыргызстандын Бажы биримдигине киришиндеги келишим боюнча сүйлөшүүлөр башталат

Кечээ, 16-июлда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча өкмөттө жыйын өттү. Жыйында Ведомство аралык комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруу, жол картасындагы каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Орусия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга каражат бөлүү маселелери талкууланды. Ошондой эле евразиялык интеграция шартында кыргыз-казак экономикалык кызматташуусу жөнүндө келишимди түзүү боюнча сүйлөшүү тууралуу маселелер каралды.

Экономика министринин орун басары Данил Ибраев Ведомство аралык комиссия мүчөлөрүнө жол картасын ишке ашыруу процессин тездетүүгө аракеттер болуп жаткандыгын маалымдады.

Оторбаев комиссиянын чечимдерин аткаруу жетишсиз деңгээлде экенин белгилеп: “Бул багыттагы ишти тездетүү керек. Түзүлгөн иштиктүү топтордун алкагындагы календардык планы жана иш графигине ылайык ишти жөндөй албаган бардык жоопкерчиликтүү жактарга сөгүш берилет, андан соң кызматтан четтетилет”,- деди.

Жол картасындагы каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Орусиянын Кыргызстанга каражат бөлүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жана Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусундагы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан