Жети-Өгүздө "психикалык жактан ооруган 16 жаштагы кызды зордуктады" деп шектелген жаран кармалды. Кылмышка шектүү Кызыл-Суу айылынын 53 жаштагы тургуну
Б.Абдибалик аталган райондун Ички иштер башкармалыгы тарабынан колго түшүрүлгөн.
Ал "кошунасынын үйүнө кирип, эч ким жоктугунан пайдаланып оорулуу кызды зордуктап кеткен" деп шектелүүдө. Кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алып, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 17-июлда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.