Америка Орусияга каршы санкцияларын күчөттү

АКШ жана Евробиримдик Орусиянын банк, энергетика жана аскер тармактарына каршы алгачкы санкциясын киргизди. Бул тууралуу 17-июлда чет элдик ММКлар жарыялашты. Санкция Орусиянын Украинадагы кырдаалга эч кандай чара көрбөгөнү үчүн киргизилгени айтылды. Бул санкциялар олуттуу жана Орусияга таасир этүүгө багытталган.

Маалым болгондой, санкция “Газпромбанк”, “Внешэкономбанк”, “Роснефть”, НОВАТЕК “Алмаз-Антей”, “Калашников” компанияларына киргизилди. АКШ бийлиги Орусиянын бийлик өкүлдөрүнө карата да санкция багыттады. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Сергей Неверов, Орусия президентинин жардамчысы Игорь Щеголев, "Донецк Элдик Республикасынын" премьер-министри Александр Бородайга тиешелүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан