Депутат Карганбек Самаков губернаторлук макамды калыбына келтирүү керектигин билдирди
Бүгүн, 18-январда “Ата Мекен” фракциясынын отуруму өтүп, аткаруу бийлигинин органдарынын түзүмүн жакшыртуу боюнча өкмөттүн сунуштарын карашты. Комитет талкуусунда жер-жерлерде өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн деңгээлинде бир катар маселелер чечилбей жатканын айткан депутат Карганбек Самаков губернатордук макамды кайра калыбына келтирүү керектигин белгиледи. Бул боюнча тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталары да белгилүү болду. Депутат ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдү мисал кылып, өкмөттүн астында ветеринардык кызмат өзүнчө болушу керек деген пикирин ортого салды.