Бишкекте аялы күйөөсүн үй-бүлөлүк чыр-чатакта өлтүрүп салганын мойнуна алды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 58 жаштагы Геннадий аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Аталган жаран бычактан алган жаракаттардан улам каза болгондугу аныкталган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында жогорудагы жарандын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен анын 57 жаштагы Ольга аттуу аялы кармалган.
Иликтөөдө Ольга күйөөсү мас абалында келип, чыр чыгарып сабай баштаганда кокусунан бычак менен сайып жибергендигин мойнуна алган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.