КРнын Каржы министрлиги 16-июлда 6 ай аралыгындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, өлкөнүн
тышкы соода жүгүртүүсү 2014-жылдын январь-май айларында 2 553,3 миллион доллар болду. Бул 2013-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 6,0 пайызга аз. Анын ичинде экспорт 590,3 миллион АКШ долларына барабар болуп, 9,2 пайызга көбөйгөн. Ал эми импорт 1 963,0 миллион АКШ доллары болуп, көрсөткүч 9,8 пайызга азайган.Экспорттун көлөмү алтынды эсепке албаганда 354,1 миллион АКШ долларын түзсө, импорттун экспорттун көлөмүнөн алдыга өсүшүнө байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 1 372,7 миллион АКШ долларына барабар болду.