Токмоктогу олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин оңдоо иштери жогорулатылган баа менен аткарылганы ачыкталды

Токмоктогу олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин оңдоо иштери жогорулатылган баа менен аткарылганы ачыкталды. Бул боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди.

Белгилүү болгондой, Токмок шаарындагы Балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорттук мектебинде капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча долбоор ишке ашкан. Мунун негизинде 2 миллион 704 856 сом оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн.

2013-жылы 19-августта Токмок шаардык мэриясы менен “З.А.С.” ЖЧКсынын ортосунда оңдоп-түзөө иштерин ишке ашыруу боюнча келишим түзүлгөн. Ошол эле жылдын 20-декабрында белгиленген иштер аталган ЖЧК тарабынан 2 миллион 704 856 сомго аткарылып бүтүп, имарат колдонууга берилген. Бирок Токмок мэриясы менен айтылып жаткан ЖЧКнын ортосунда 264 739 сомду түзгөн келишим да бар болгон. Башкача айтканда, оңдоо иштери жалпысынан 2 миллион 969 595 сомго бүтүрүлгөн.

Ошондой эле текшерүүлөрдө жасалган иштер 880 458 сомго жогорулатылган баа менен аткарылганы ачыкталган. Буга катар эле “З.А.С.” ЖЧКсы тарабынан Токмок мэриясына 661 171 сомду камтыган жасалма актылар бар экени белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “КРнын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”, “шалаакылык”, “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан