Филиппиндеги "Рамассун" же "Гленда" тайфуну 38 адамдын өмүрүн алса, 8 адам дайынсыз болууда. Жаратылыш кырсыгы болгон аймакта 7 миңдей үй жараксыз абалга келип, 380 миңге чукул тургун эвакуацияланды. Бул тууралуу 17-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бүгүн эртең менен ылдамдыгы саатына 170 чакырымга жеткен катуу шамал Дагупан шаарында болгон. "Гленда" тайфуну Түштүк Кытай деңизи аркылуу Кытайдын түштүк провинцияларынан саатына 30 чакырым ылдамдык менен Филиппин жакка багыт алууда. Абадан караганда өлкөнүн Кесон провинциясынын 95 пайызын тайфун каптап өткөн. Кырсыктан улам дарактар кулап, электр чубалгылары үзүлгөн. Көпчүлүк унаа жолдору жарактан чыгып турат.