Бүгүн, 17-июлда “Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода жана экономикалык кызматташтыгынын 10-жыйыны өтөт. Ага кыргыз тараптан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, кытай тараптан Кытайдын соода министринин орун басары Чжан Сянчэнь төрагалык кылат.
Күн тартибинде энергетика, транспорт жана өнөр жай, каржы жана кредит тармагындагы кызматташуу жана КРнын Бажы биримдигине кирүүсүнүн эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга тийгизчү таасирин талкуулоо каралган. Ошондой эле КР жана КЭР СУАР аралык соода-экономикалык жана айыл чарба жаатындагы байланыштарды активдештирүү маселеси талкууланмакчы.
Жыйын соңунда эки тараптын өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуу протоколуна кол коюлат.