Тажикстанда барымтада калган Ош шаарынын 2 тургуну бошотулду

Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Тажикстанда барымтада калган 2 жаран бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов бүгүн, 17-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда С.М. жана О.Х. аттуу жарандар башкарып бара жаткан 2 Мерседес-Бенц унаалары токтотулган. Унааларды текшерүүгө алууда унаалардан көп көлөмдөгү баңгизаттары табылган. 

Кармалган жарандар баңгизатын Ёдгор аттуу тажикстандык жаран Москва шаарына өткөрүп берүүнү өтүнүп, бул үчүн акча төлөп берүүнү убада кылгандыгын билдиришкен. 30,1 килограмм баңгизатын Орусияга өткөрүп келгиче аталган эки жаран Даврон жана Диля аттуу Ош шаарынын тургундарын кепилдик катары Тажикстандагы Ёдгорго барымтага таштап кетишкен.

Бул боюнча милиция кызматкерлери Тажикстанда барымтада калган Ош шаарынын тургундарын куткаруу боюнча иш-аракеттерди көрүп башташкан. Барымтадагы жарандардын туугандары аларды куткарып берүү боюнча милицияга арыз жазгандары белгилүү болгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам аракеттердин негизинде Тажикстанда барымтада калган жарандар куткарылган. Учурда жогорудагы окуялар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан