16-июлда Бишкекте чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланган жыйын өттү. Жыйынга төрайымдык кылган вице-премьер-министр Эльвира Сариева чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктарга мекендештердин бирикмелери чоң көмөк көрсөтүп жатканын айтты.
“Мекендештердин бирикмелери өлкөдөн сырткары жерде иштеп жаткан кыргызстандыктарга чоң көмөк көрсөтүүдө. Мекендештер тарабынан мамлекеттик программа долбооруна киргизилип жаткан сунуштарды документ бекитилүүгө дейре кабыл алуу зарыл. Биз мекендештерди бириктирүү жана аларга колдоо көрсөтүү боюнча ишти бирдикте алып баруубуз керек”,- деди Сариева.
Жыйын соңунда Сариева Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине мамлекеттик программаны талкуулоо процессине чет жердеги мекендештердин диаспора жана биримдик өкүлдөрүн тартуу тапшырмасы берилди. Талкуулоо процессинен соң, чет жердеги кыргыздардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик программа өкмөткө бекитилүүгө киргизилет.