Жоомарт Оторбаев жакын арада Баткендеги чек ара окуясынан жабыркагандарга 15-20 миллион сомдук жардам бериле турганын айтты

Жакын арада Сох анклавындагы чек ара окуясынан жабыр тарткан жарандарга 15-20 миллион сомдук жардам берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. “Баткен облусунун Сох анклавына жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолуктум. Ал жерде өтө деле оор кырдаал байкалбайт, абал тынч. Баткендин тургундарына бөлүнүп бериле турган акчалар көмөк чордондорду оңдоого жана калкты таза суу менен камсыз кылууга жумшалат”,- деди Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан