Бишкекте кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 17-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапары менен келген Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловду кабыл алды.

Президенттин аппараты билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчы өлкөлөр ортосунда жетишилген макулдашууларды аткаруунун маанисин баса белгиледи. Атамбаев кыргыз-тажик ортосундагы маселелерди чечүү максатында эки өлкөнүн компетенттүү органдары конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасап, өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүсү зарыл экендигин да кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан