Сирияда бийликке каршы күрөшүп жүргөн кыргызстандыкты мекенине кайтаруу иштери башталды

Сирияда өлкө башчысы Башар Асадга каршы күрөшүп жүргөн кыргызстандыкты мекенине кайтаруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июлда билдирди.  

Маалыматтарга караганда, Сирия мамлекетинде оппозициячыл "Эркин Сирия армиясынын" катарында Башар Асаддын бийлигине каршы согушуп жүргөн бир кыргызстандык жаран бар экени белгилүү болгон. 

Ал Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экендиги жана аты-жөнү такталып, 2013-жылдын июль айында Түркия мамлекети аркылуу Сирияга кеткендиги аныкталды. Учурда укук коргоо органдары 23 жаштагы Кыргызстандын жаранын мекенине кайтаруунун үстүндө иш-чараларды башташты. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kamarik
2014-07-17 13:45:02
Бизге келгенде деле бирдеменин усткнон чыгат ал бала.далай кишини кырышса керек
+2
Jamalym
2014-07-17 13:48:29
Этият болгулачы,мекендештер!Ал жерде кандай саясат журуп жатканын биз билбейбиз.Оздорунун проблемасын оздору чечишсин.Эми ошол жерден согуштун каарын,адамдардын олугун коруп келген баладан кандай адам чыгат?Ага психологиялык жардам бериш керек биринчи кезекте.
+1
Asan-aka
2014-07-17 13:51:19
Бул жакта баштайт да келсе угутооону.Жакшы козомолго алыш керек эми
+2
chyngyz1992
2014-07-18 08:27:42
мен тушунбодум эмне керек экен озу ал балага?
0
nur82
2014-07-19 12:47:00
Ал Наримандык ХХХ
0
admin_portal
2014-07-21 10:09:55
nur82 - 5 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан