Жаңыртылган имарат менен таанышуунун жүрүшүндө эл өкүлү өрт, санитардык коопсуздук жана ошондой эле желдетүү системдерин көрүп чыкты. Депутат жүргүзүлгөн ремонт иштери эт өнүмдөрү менен соода кылууга бир топ ыңгайлуу шарттарды эле түзбөстөн, толугу менен санитардык нормаларга ылайыкташтырылгандыгын билдирди.
Кайра оңдоп-түзөө, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, июль айында бүткөрүлгөн. Оңдоп-түзөө иштеринде эт сатуучу жайды толугу менен оңдоп-түзөө эле жүргүзүлбөстөн, павильондун жабдуулары дагы жаңыртылган. Жаңыдан колдонууга даярдалган эт павильону бардык зарыл болгон заманбап жабдуулар – 20 тоннадан ашуун эт өнүмдөрүнө ылайыкташкан витрина муздаткычтары жана муздаткыч камералар менен камсыз болгон. Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 1 миллион 200 миң сомду түзгөн.