Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонбоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонбоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Ал Сирожиддин Аслов менен болгон жолугушуунун жыйынтыгына токтолуп: "Чек арадагы кырдаалды талкууга алдык. Буга чейинки сүйлөшүүлөргө карабай тажик тараптын кадамдарына тынчсызданып жатканыбызды билдирип, акыркы окуяларда куралдын колдонулушу эл аралык нормаларга ылайык келбешин айттык",- деди.

Эрлан Абдылдаев эки тараптуу мамилени бекемдөө жана буга чейинки келишимдердин негизинде миномёт, атуучу куралдар жана аскердик техникаларды колдонбоо айтылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан