Ал чек ара маселесин жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен чечиш керектигин айтып: "Чек арадагы соода-сатыкты жөнгө салып, транзиттик жана транспорттук керектөөнүн эффективдүү жолдорун иштеп чыгуу зарыл. Акыркы учурда жергиликтүү тургундардын каны төгүлдү. Биз чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүчү бир катар сунуштарды айттык. Исфара - Ворух жана Ак-Сай - Тамдык жолун курууга баары даяр. Бирок эки тараптан кандайдыр бир көйгөйлөр чыгууда. Бул багытта иш алып баруу керек",- деди ал. |