Бишкектеги "Боордоштор көрүстөнү" өрттөндү

Бүгүн, 17-июлда Бишкектин Кулярский көчөсүндө жайгашкан "Боордоштор көрүстөнү" өрттөндү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, кырсык өрт коопсуздугун сактабагандыктан, башкача айтканда, тамекини өчүрбөй таштап койгондон чыккан болушу мүмкүн. Ал эми бул бейитке жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары жайдын аптаптуу күнүндө бейитте өрттүн чыгышы салтка айланган көрүнүш болуп калгандыгын айтышты. Анткени жай ортологондо бейитте өскөн чөп куурап, кичине учкунга да өрттөнө турган болуп калат. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. 

Эске салсак, аталган бейитте Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон 248 жоокердин сөөгү коюлган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан