Бишкекте 18-июлда Израилдин Газаны талкалоосуна байланыштуу флешмоб өтөт

Эртең, 18-июлда Бишкектеги Горький атындагы сейил багында Израилдин Газа тилкесин жардырып, талкалоосуна байланыштуу флешмоб өтөт. Бул тууралуу депутат Турсунбай Бакир уулу интернет түйүндөрдөгү өздүк баракчасы аркылуу жарыялады. Флешмоб “Мусулман мусулмандын бир тууганы” деп аталат. Ага Турсунбай Бакир уулу, Чубак ажы Жалилов, Мыктыбек Арстанбек жана башкалар катышат. Учурда Англия, Франция, АКШ, Ливан, Индонезия, Йемен, Греция, Испания, Бельгия, Малайзия өлкөлөрү Израилден Газага ок атууну токтотууну талап кылып жатышат. Бирок Израиль өз соккусун токтото элек.   

Палестинада жардыруудан каза болгондордун саны 170тен ашканы жана миңден ашуун жаран үй-жайын таштап кеткени айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан