Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындалган “Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын” бекитти. Бул тууралуу 17-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган документтин маанилүүлүгү катары билим берүү тутумунун окуучуга факты-материалды берүүдөн компетенттүү мамилеге өтүүгө багыт алуусу эсептелет. Ал окуучуларда компетенттүүлүктүн иштелип чыгуусуна шарт түзүп, өз кезегинде аларга алган билимин, тажрыйбасын жеке адистик жана коомдук маанилүү абалда пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Жаңы типтеги улуттук рамкалык стандарт жалпы билим берүү уюмдарындагы билим берүү натыйжасын стандартташтырууга багытталган. Ал өзүнө бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына карата негизги талаптарды аныктоочу норма жана эрежелеринин, окуучулардын окуу көлөмүнүн жыйындысын жана башкаларды камтыйт.
Куррикулум заманбап коомдун талаптарына ылайык келген билим берүү сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Мектептик билим берүү тутумунун жыйынтыкка багытталган принципке баш ийдирилиши жаш муунга келечектүү жана ийгиликтүү ишмердүүлүк менен алектенишине мүмкүндүк берет.
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, компетенттүү билим берүүгө өтүү дүйнөлүк билим берүүнү өнүктүрүү жаатындагы бирден-бир маанилүү багыты катары саналат.
Кабыл алынган токтомго ылайык, мамлекеттик билим берүү стандарты баскыч-баскычтуу түрдө ишке киргизилет, ал Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү тутумуна жаңы муундагы стандарттарды ырааттуу түрдө киргизүү боюнча иш-чаралар планына жараша ишке ашырылат.