Президент
Алмазбек Атамбаев Европалык комиссиянын төрагасы болуп дайындалган
Жан-Клод Ю́нкерди куттуктады.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Евробиримдиктин мамилеси эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө этабында экенин белгилеп: "Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө жана демократиялык өзгөрүүлөрүндө Европа биримдиги колдоо көрсөтүп келгенине баа беребиз",- деди.
Ошондой эле Европалык комиссиянын төрагасы болуп жаңы дайындалган Жан-Клод Ю́нкер саясий диалог жүргүзүүдө жана социалдык-экономикалык кызматташууда жаңы дем болуп берерине ишенерин билдирди.
Бул тууралуу 17-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.