Бүгүн, 17-июлда Жакып Карагул уулу өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Жакып Карагул уулу буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.