Чек ара кызматы: "Ак жол автожолу" өткөрүү бекетиндеги тыгын казак тараптын бажы текшерүүлөрүнө байланыштуу"

Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы өткөрүү бекеттери боюнча ишеним телефондору иштеп жатканын маалымдады. Бул тууралуу 17-июлда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

"Туристтик сезондун ийгиликтүү болушу жана көзөмөл өткөрүү бекеттеринин ишинин эффективдүүлүгү үчүн чек арадагы паспорттук текшерүүлөр бир жарым мүнөттөн эки мүнөт убакытты алышы керек. "Ак жол автожолу" өткөрүү бекетинде көзөмөл бир мүнөттөй убакытты алат. Өткөн аптадагы адамдардын кезек күтүп турушу, унаа тыгын казак тараптын бажы жана паспорттук текшерүүлөрүнө байланыштуу" деп билдирет мекеменин коом менен байланышуу бөлүмү.

Чек арадагы көзөмөл өткөрүү ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана коррупциялык схемалардын алдын алуу максатында Мамлекеттик чек ара кызматы ишеним телефондорун жарыялады.

Мекеменин төрагасынын кабылдамасы: 54-90-44

Төраганын биринчи орун басары: 54-90-46

Башкы штаб боюнча нөөмөт бөлүмү: 54-95-87

Полковник Сооронбаев Руслан Кеңешбекович: 0773 62-63-03

Полковник Көчөрбаев Таалайбек Жеңишбекович: 0778 72-64-34

Полковник Сыдыкназаров Маматкан Жалилбекович: 0773 99-09-09

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан