Токтогул РИИБи Жалал-Абад облусу боюнча 2012-жылдын мыктысы деп табылды
Токтогул РИИБи Жалал-Абад облусу боюнча башка аймактардагы ички иштер башкармалыктарынын ичинен 2012-жылдын мыктысы деп табылды. Аталган РИИБинин бир катар кызматкерлери өз кызматында жакшы жетишкендиктерди көрсөткөндүгү үчүн Жалал-Абад ОИИБи тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду Кара-Көл ШИИБи алса, 3-орунга Жалал-Абад ШИИБи менен Майлуу-Суу ШИИБи татыктуу болушту.