* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы тарыхта биринчи жолу түзүлгөн кыргыз парламенти ишин баштаган. Бул күнү Кыргыз мамлекеттик театрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши чогулуп, кыргыз парламентинин ачылыш салтанаты аксакал депутат, чабан-стахановчу
Көккөз Сопиевге ыйгарылган. Салттуу ачылыштан кийин сессиянын күн тартиби бекитилип, анын регламентин тактоо жана төраганы шайлоо сыяктуу маселелер карала баштаган.

* Мындан 55 жыл мурун, 1959-жылы экс-акыйкатчы
Турсунбек Акун Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Кулунду айылында туулган. Айыл чарба институтун ветеринар, ал эми КУУну юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун эт комбинатта тери иштетүү бөлүмүндө баштаган.

* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы америкалык актёр, сценарист, режиссёр, продюсер
Вин Дизель АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Манхэттенде туулган. Вин Дизель 2000-жылдардагы боевик жанрындагы тасмалар аркылуу таанымал болгон. Ал "Чёрная дыра", "Форсаж", "Три икса", "Одиночка", "Хроники Риддика", "Лысый нянька: Спецзадание" тасмаларында негизги ролдорду аткарган.