Америкалык дизайнер “Айнек” аталышындагы 4 кабаттуу яхтаны жасап чыкты

Америкалык дизайнер Лужак Дешател “Glass” (айнек) аталышындагы яхта-особняктын долбоорун иштеп чыкты. Бир канча миллион доллар турган яхтаны сатып алуучу адам да табылган. Сатып алуучунун ысымы сыр бойдон калганын жана анын композитор экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Glass" яхтасын бийиктиктен караганда сууда калкып бара жаткан үйгө окшош. Яхта 4 кабаттуу, ичи кенен. Анын айнек дубалдары океанды суктанып караганга мүмкүндүк берет. Яхтанын арткы бөлүгүндө дароо эле океанга чыккан тепкичтүү терраса жайгашкан. Ал сүзгөндү жакшы көргөндөргө ылайыктуу. Ошондой эле аялдар жана балдар үчүн коопсуз вариант да эске алынып, 2 бассейн салынган. Яхтанын долбоорунда бардыгы алдын ала караштырылган, алсак, бөлмөлөрдөн тышкары китепкана, оюн бөлмөсү жана SPA-салон бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aikol87
2014-07-18 12:02:50
Укмуш го.
+1
Мэри
2014-07-18 16:06:07
Дагы бир керемет жаратмандык...
+2
Jamalym
2014-07-18 19:12:34
Соз жеткис!
0
samar55
2014-07-19 01:06:42
Азыркы учурда ойлонуп атам сатып алсамбы же жокпу деп...кыялымда.
+2
bolot00
2014-07-19 20:18:13
5555
0
belka
2014-07-27 00:49:56
Баракелде!
0
Mekuza92
2016-08-28 19:03:48
Соз жок соонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан