Баткендеги чек ара окуясын талкуулаган Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтүүдө
Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтүүдө. Айта кетсек, бүгүнкү жыйында Баткен облусунун Сох анклавындагы чек ара жаңжалына байланыштуу маселе талкууланып, ЖКнын токтому кабыл алынат. 16-17-январь күндөрү депутаттар бул маселени жабык эшик артында талкуулашып, жыйынтыгында парламенттин тийиштүү комитеттерине Баткендеги окуя боюнча токтом долбоорун иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн. Бүгүнкү жыйында ошол токтом долбоору талкууланмакчы. Айта кетсек, чек ара көйгөйү тууралуу жыйындардын жабык түрдө өтүшү мамлекеттик сырларды сактоо коопсуздугу үчүн болууда.