Кочкордо жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда билдирди. Маалыматтарга караганда, Кочкор айыл аймагында 17-июль күнү саат 17:25 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 233-чакырымында Ауди жана КамАЗ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам жабыркаган.
Кырсык болгон жерге ӨКМнын №42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркаган адамдарды Ауди унаасынан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.