Бишкекте жол кырсыгында унаа оодарылып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Түштүк магистраль жана Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта келип, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын айынан унаадагы 20-25 жаштардагы азиат улутундагы айым каза болуп, айдоочу жана дагы 2 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
Учурда унаа айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.