Чүйдө 69 жаштагы айымдын кара куурай өстүрүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, ИИМдин Баңгизатын жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын жана Чүй РИИБинин биргелешкен иш-аракеттеринин негизинде Жаңы-Турмуш айылынын тургуну короосунда кара куурай өстүрүп жатканы аныкталган.
Тактап айтканда, аталган айылда жашаган 69 жаштагы айым короосуна 900 түп кара куурай эгип, өстүрүп, кам көрүп келгендиги белгилүү болгон. Аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.