Кудайберген Базарбаев: "Жалал-Абад облусунда 232 кызматкер жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет"

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушуу учурунда "Жалал-Абад облусунда 232 кызматкер жарандарга социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет" деп билдирди. Бул тууралуу 18-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.   

"Жалал-Абад облусундагы 1927 улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга үйүндө кам көрүлүп, колдоо көрсөтүлөт. Тогуз-Торо районунда 8 социалдык кызматкер 96 адамга жардам берүүдө. Жыл башынан бери социалдык тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрдүк",- деди Кудайберген Базарбаев.

Ошондой эле өткөн жылы социалдык тейлөөлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында бюджеттен 14 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Мындан сырткары Жалал-Абад облусу боюнча калкка колдоо көрсөтүү боюнча өткөн сынакка 8 долбоор сунушталып, экөөсү сынактан өткөнүн кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан