Депутат Жылдыз Жолдошова төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаровду сынга алып, залдан чыгып кетти
Парламентте депутат Жылдыз Жолдошова ЖКнын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаровго ишеним көрөсөтпөй турганын айтып залдан чыгып кетти. Айта кектсек, парламенттин бүгүнкү, 19-январдагы жыйынында Баткендеги чек ара жаңжалы боюнча маселе талкууланып, жыйынга Төрөбай Зулпукаров жетекчилик кылып жаткан. Жолдошова кворум жоктугунан улам добуш берүү регламентти буза турганын, төрага орун басарынын мындай учурда иштей албай турганын билдирди.