27 жаштагы айым "Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө уурулукка кирген" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлерине 26 жаштагы Эрмек аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар үйүнөн 1100 АКШ долларын уурдап кетишкендигин кабарлаган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары Бишкек шаарында жашаган 27 жаштагы Айбарчын аттуу айым кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.