Австралиялык Ирен жана Жорж Берроуздардын үй-бүлө мүчөлөрү 2014-жылы "Malaysia Airlines" компаниясынын учактары кабылган эки кырсыкта набыт болушту. Алардын уулу менен келини үстүбүздөгү жылдын март айында Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тартып, Инд океанынын үстүндө дайынсыз жоголгон Боинг-777-200 учагында болушкан.
Ал эми небереси жана анын күйөөсү Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жатып Украинада жарылган малайзиялык Боинг 777 учагында болгону айтылууда. Азыркы тапта Берроуздардын үй-бүлөсү окуя боюнча ММКларга пикирин айтыша элек. 17-июлда орун алган авиакырсыкта Австралиянын 28 жараны каза болгон. Набыт болгондордун тизмесинде австралиялык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн ысымдары да бар.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 300гө жакын адам каза тапты. "Malaysia Airlines" компаниясынын өкүлү жүргүнчүлөрдүн ичинен 154 адам Нидерландынын жарандары экенин маалымдаган. Ошондой эле Австралиянын - 27, Малайзиянын - 23, Индонезиянын - 11, Улуу Британиянын - 6, Бельгия менен Германиянын - 4, Филиппиндин - 3, 1 Канаданын жараны, ал эми 47 жүргүнчүнүн жарандыгы тактала электиги айтылган. Украинанын Тышкы иштер министрлиги 181 адамдын денеси табылганын кабарлады. Бул тууралуу 18-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.