* Мындан 34 жыл мурун, 1980-жылы башталган Москва Олимпиадасында кыргыз спортунун 9 өкүлү СССР өлкөсүнүн намысын коргогон. Алар: Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметов, Леонид Дунаев, Николай Чернецкий жана Марина Сысоева. Мелдештин жыйынтыгында 9 спортчу 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп Кыргызстандын атын даңазалашып, Олимптин туусун багындырышкан.
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы коомдук жана саясий ишмер Мухтарбек Өмүракунов туулган. Мухтарбек Өмүракунов 1989-жылы Фрунзе политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн. 2011-жылы 25-апрелде Кубага эс алууга аттанып, Варадеро курорттук аймагында жайгашкан “Салеман” отелине токтогон. 30-апрель күнү бийиктиги 3 метрлик океан толкуну жээктеги адамдарды сууга алып кирип кетип, алардын арасында Мухтарбек Өмүракунов да болгон. 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 17:30да анын сөөгү океандын жээгинен табылган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы тилди которуп, жайгаштыруу боюнча жасалган дүйнөдөгү эң алгачкы операция ийгиликтүү аяктаган.