
* Мындан 41 жыл мурун, 1973-жылы америкалык жана гонконгдук актёр, режиссёр, чыгыштын жеке уруш өнөрлөрүнүн чебери
Брюс Ли баш оорунун дарысын ичип каза болгон. Врачтар "мээсинде шишик болгондуктан, баш ооруну баса турган дары терс реакция берип өлгөн" деген тыянак чыгарышкан. Кийин Брюсту шаолинь кечилдеринин сырларын башкаларга сатканы үчүн уу берип өлтүрүшкөнү айтылган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Фергана өрөөнүндө күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда кыйроолорго алып келген. Көптөгөн үйлөр кыйрап, 13 киши көз жумуп, 100гө жакын адам жаракат алган.

* 20-июль - Эл аралык шахмат күнү. Париж шаарында 1924-жылдын 20-июль күнү Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) негизделип, бул күн 1966-жылдан бери майрамдалып келет. Акыл оюнун белгилөө демилгеси Бүткүл дүйнөлүк шахмат федерациясы (ФИДЕ) тарабынан көтөрүлүп, бул күнү ар түркүн майрамдык мелдештер өткөрүлөт.