* Мындан 167 жыл мурун, 1847-жылы Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн чаткалдык кыргыздардын жетекчиси Момун Шамурзаков жана башка кыргыз уруу башчылары биригүү туурасында макулдашкан. Тарых маалыматтарына караганда, чаткалдык кыргыздар Кокон бийлигинин эзүүсүнө жана адилетсиз саясатына каршы көтөрүлүшкөн. Алар бул убакта Чаткалга чогулушуп, күчтү бир жерге топтоп, хандыкка каршы биригип аракет жасоо туурасында келишимге жетишкен.

* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, СССРдин Эл артисти, КРнын Баатыры
Асанкан Жумакматов 85 жаш курагында дүйнө салган. Ал Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата айылында болуштун үй-бүлөсүндө туулган. 1928-жылы жазында Асанкан Жумакматовдун атасын бай-манап катары камакка алып, Сибирге айдашкан. Ал эми Асанкан Жумакматов энеси жана бир тууган байкеси менен Украинага көчүрүлүп, ал жерде балдар үйүнүн өздүк чыгармачылык оркестринде музыка менен алектене баштаган.1938-жылы мекенине кайтып келип, педагогикалык техникумдун даярдоо бөлүмүнө кирген. 1945-жылдын сентябрынан баштап Москвадагы Чайковский атындагы Мамлекеттик консерваториянын дирижёрдук, андан кийин опера-симфониялык дирижёрдук факультетинде окуган.
* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы Антарктикадагы советтик “Чыгыш” станциясында аба ырайынын эң төмөн деңгээли, тактап айтканда, -89,2 градус катталган. Ал эми 1992-жылы сентябрда Ливиянын Эль-Азизия шаарында абанын температурасы +58 градуска жеткен.