Баткендеги чек ара окуясы боюнча ЖКнын токтому кабыл алынды
Бүгүн, 19-январда ЖКда Баткендеги чек ара жаңжалы боюнча токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык, чек арага байланыштуу делимитация, демаркация маселелери боюнча чараларды күчөтүү, айланма жолдорду куруу, көз карандысыз электр чубалгыларын, суу түтүктөрүн куруу сыяктуу сунуштар берилди. Ошондой эле демаркация маселеси боюнча жакын арада чечүү зарылчылыгы белгиленди. Токтомдун аткарылышы КРнын Өкмөтүнө жүктөлдү.