Талас. Бакыян айыл өкмөтүнүн кызматкери бирөөгө мыйзамсыз жол менен жер берип жибергени ачыкталды

Талас облусундагы Бакыян айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Жер кодексинин талаптарын бузганы үчүн айыпталууда. Башкы прокуратуранын билдиришинче, айыл өкмөт кызматкери 2014-жылдын 30-апрелинде М.У. аттуу жаранга мыйзамсыз жол менен жер берген. Ал эми 2014-жылдын 19-мартындагы токтому менен башка айылда жашаган М.Б. аттуу жаранга айыл аймагына үй салууга жер бөлүп бергени айтылды. Факты боюнча Кара-Буура райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
infiniti
2014-07-19 13:19:03
Ушундай тааныш-билиш,тууганчылдыкты жоюп,мыйзам чегинде иш алып барсак,онугоор белек.
0
ooki8888
2014-07-19 15:49:09
Он беш жылдан бери мыйзамдуу турдо жер алалбай, батирден батирде жашап келем. Анан кайдагы мыйзамдуулукту айтып башты оорутасынар.
0
kursantbek
2014-07-19 15:55:47
Азыр мыйзамдуу жер алыш ото кыйын таанышын болбосо
0
tabyshmak
2014-07-22 20:32:21
Мындай мыйзам бузуулар Баткендин Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан да болгондугу ачыкка чыкса деле эч ким эч кандай жыйынтык чыгара алган жок. Андыктан, акчага ишенуу менен мындай иштерден ийгилик жаратууга болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан