КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча куткаруу кызматтары тарабынан 20-июлда 5 чыгуу болгон.
Ошто 18-июлда Ак-Буура-Араван каналына 1984-жылы туулган К.Айдаров чөгүп кеткен. Издөө иштерине 11 суучул катышты. 1 суткадан кийин К.Айдаровдун сөөгү Южный кичи районунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Мындан сырткары Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Нур айылында 17-июлда Чоң Чүй каналына 1951-жылы туулган Шаболот Абдысатаров чөгүп кеткен.
Эки күндөн кийин Ударник айылында Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундар тарабынан Ш.Абдысатаровдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Аламүдүн районунун Молдовановка айылында 18-июль күнү кичи ГЭС каналына 1952-жылы туулган А.Малородов чөгүп кеткен. Издөө иштерин КРнын ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүшкөн. 21-июлда саат 10:15те сөөгүн таап алып чыгышып, Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.